Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын «____»_______

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына Бишкек шаарынын бюджетиненбюджеттик кредит  берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынын иш-аракеттерин жандандыруу үчүнколдоо көрсөтүү максатында,Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна,79-беренесинин5-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык,Бишкек шаардык кеңешининэкономика, бюджет, финансыжанаинвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 23-августундагы№ 8жана 2022-жылдын 13-сентябрындагы№9 чечимдерин эске алып, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

            1. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын 2022-жылгабюджетинен «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына30 000,0 миң сом суммасындабюджеттик кредитберүүгө макулдук берилсин.

            2. Бишкек шаарынын мэриясы:

1) төмөндөгү шарттарда кредиттик келишим түзсүн:

- негизги карыз боюнча карызды2025-жылдын15-апрелинен тартып2032-жылдын 15-октябрына чейинтең өлчөмдөгү төлөмдөр менентөлөө;

- негизги карызды жана бюджеттиккредитти пайдалангандыкүчүнпайыздар боюнчакарыздыжылына эки жолу мезгилде төлөө;

- бюджеттиккредитти пайдалангандык үчүнпайыздык коюмдун – жылдык пайызы -0,1 пайызда болушу;

- карыздытөлөө мөөнөтүнкечиктирген суммасына карата кошупэсептелген финансылыкайыптын жылдык пайызы- 0,5 пайыз болушу;

2) «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасы тарабынанушул токтомдун1-пунктунда көрсөтүлгөнбюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жанаөз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.

 

         3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы  жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

         5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

маалымкат-негиздеме (doc. 18 kb)

финансылык корутунду (doc. 14 Кб)

юридикалык корутунду (doc. 15 Кб)