Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2022-жылдын «28» июнь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Шаардыктардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн, салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Кыргыз Республикасыннын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

  1) квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Бишкек шаардык кеңешине берсин;

  2)  ушул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул  токтом  каттоодон  өткөрүлсүн  жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешининтөрагасы                                                                    К. К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 20 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 15 Кб)