Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

2022-ж. 16-июнь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

Бишкек шаарынын  муниципалдык транспортунун иштешин камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22  жана     
51-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз 
Республикасынын Мыйзамынын 27 жана  39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. «Муниципалдык транспорттук  ишканалардын  чыгымдарын компенсациялоо үчүн Бишкек шаарынын бюджетинен субсидия бөлүү тартиби жөнүндө
 жобо» тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын.

3. Бишкек шаардык кеңешинин аппараты ушул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул  токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Бишкек шаарынын транспорт маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 32 Кб)