Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

        Долбоор

        Бишкек шаарынын   мэриясы

        2022-жылдын «28» февраль

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди эске алуу менен кирешелер боюнча 11 130 052,9 миӊ сом суммасында, чыгашалар боюнча 10 545 388,4 миӊ сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 584 664,5 миӊ сом суммасында бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                         К. Конгантиев

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 33 Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 14 Кб)

- финансылык корутунду (doc. 24 Кб)