Долбоор 2021-ж. 26-октябрь
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 31-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 токтомуна ылайык, жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды берүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Калктын муктаждыктары үчүн жылуулук энергиясын алууга кайрылган арыз ээлерине “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жылуулук жабдуучу инженердик тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды берүүгө 2 жылдык мөөнөткө чектөө киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Р.А. Аматов) жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.Ш. Сазыкуловго жүктөлсүн.
Төрага К.К. Конгантиев
Тиркемелер:
- маалымкат-негиздеме (doc. 21 Кб)
- юридикалык корутунду (doc. 20 Кб)