Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 06.07.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 100

Бишек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

    Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин Регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин Регламентине:

1) 25-пункттун 11-пунктчасы мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда баяндалсын: «Шаардык кеңештин аппаратынын түзүмүн, аппарат жана анын бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;»;

2) 110-пункттагы «документ менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмүндө» деген сөздөр «уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 204-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынан» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын Финансы департаменти» муниципалдык мекемесинен» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 214-пункттагы «укуктук камсыздоо бөлүмүнүн» деген сөздөр «юридикалык бөлүмүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 234-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«234. Документтин аягына "шаардык кеңешинин төрагасынын колу" деген грифтен ылдыйыраак төмөнкүлөр кол коюшат:

1) шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасы;

2) сунуш киргизген шаардык кеңештин депутаттары;

3) шаардык кеңештин аппарат жетекчиси;

4) шаардык кеңештин юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

5) шаардык кеңештин уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

6) шаардык кеңештин профилдик бөлүмдөрүнүн башчылары;

7) мамлекеттик тил боюнча адис;

8) аты-жөнүн, кызматын көрсөтүү менен документтин аткарылышына жооптуу шаардык кеңештин кызматкери.

   Зарыл болгон учурда бул маселе боюнча жооптуу Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен макулдашуу жүргүзүлөт.

   Ушул Регламенттин талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган токтом шаардык кеңештин төрагасына кол коюуга берүү үчүн уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.».

6) 239-пункттагы «укуктук камсыздоо бөлүмүндө» деген сөздөр «юридикалык бөлүмүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;»;

7) 254-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«254. Протоколдордун түп нускалары шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө белгиленген тартипте сакталат. Шаардык кеңештин сессияларынын видеожазуулары алынма электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө (катуу дисктерде, USB-алып жүрүүчүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдө) шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө сакталат.

  2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                            Б. Усеналиев