Опубликовано 06.07.2026
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 99
Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешиндеги «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын 2026-жылдын 20-майындагы №42ф, «Эмгек» фракциясынын 2026-жылдын 28-майындагы №156-фэ, «Ынтымак» фракциясынын 2026-жылдын 22-июнундагы № 167-фы каттарынын жана Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 24 чечиминин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
1) Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:
Алымбеков Максат Джумакадырович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;
2) Бишкек шаарына жаңыдан кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан:
Чалов Ильяз Алмазович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
3) Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын курамынан:
Халилова Гульназ Мажитовна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;
2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
1) Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:
Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
Чалов Ильяз Алмазович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
2) Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:
Шаршенбай уулу Руслан – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;
3) Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:
Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пункттун 4-пунктчасындагы «Халилова Гульназ Мажитовна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 2-пункттун 9-пунктчасындагы «Алымбеков Максат Джумакадырович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр
«Чалов Ильяз Алмазович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3) пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
«12) Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила»
фракциясынын мүчөсү».
4) 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
« 7) Шаршенбай уулу Руслан – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү».
5) 7-пункттун 4-пунктчасындагы: «Мамырканов Бекзат
Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр «Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович – «Адилет» фракциясынын мүчөсү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6) 7-пункттун 5 жана 6-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырамын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

