Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 01.07.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 97

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып,  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын 2026-жылдын 29-июнундагы № 02/538 сунушунун, Бишкек шаардык кеңешинин «Ынтымак» фракциясынын 2026-жылдын 22-июнундагы № 166-фы катынын, Дүйшөнбек Бектемирович Бектемировдун 2026-жылдын 30-июнунда Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIV сессиясында билдирүүсүнүн, Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIV сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» протоколунун негизинде Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Бектемирович Бектемировдун ыйгарым укуктары анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
  2. Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХIVсессиясынын эсептөө комиссиясынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» протоколу бекитилсин.
  3. 2024-жылдын 2-декабрындагы №3 «Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-пункттагы «Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович» деген сөздөр «Алмаз Абылкасымович Шананов» деген сөздөргө алмаштырылсын.  
  4. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
  6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                      Б. Усеналиев