Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 01.07.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 106

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41

«Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары
 үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө»
токтомун күчүн  жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-беренесинин
1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
34,  39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 «Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

           2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

          3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                         Б. Усеналиев