Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 01.07.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июну № 108

Айрым негизги каражаттарды мамлекеттик менчикке

акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Колдонуудагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:

1. Ушул токтомдун 1- жана 2-тиркемелери тарабынан каралган негизги каражаттарды мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Төрага                                                                                 Б. Б. Усеналиев

Тиркеме (docx.21kb)

Тиркеме 2 (docx.20kb)