Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 01.07.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-июнундагы № 101

Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди,  аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууну камсыз кылган суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө экономикалык негиздеги тарифтерди белгилөө, ошондой эле инженердик инфратүзүмдөрдүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, аны модернизациялоо жана өнүктүрүү үчүн каржылык шарттарды түзүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген борборлоштурулган ичүүчү суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Кызмат көрсөтүүгө 1 м3 үчүн бирдиктүү тариф белгиленсин:

суу менен жабдуу - 15,73 сом;

суу чыгаруу (канализация) - 6,80 сом.

2. Керектөөчүүлөрдүн төмөнкү категориялары аныкталсын:

1-категория - жеке ишкерлерден башка физикалык жактар (калк);

2-категория - төмөнкү категорияларды бөлүү менен менчик формасына, баланстык тиешелүүлүгүнө карабастан башка керектөөчүлөр:

1) баланстык таандыктыгына карабастан юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик иш-аракетти жүргүзгөн жактар (мындан ары - жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар;

2) тарифке карата жогорулатылган коэффициент колдонулуучу мындай керектөөчүлөр (мындан ары – сууну көп пайдалануучу абоненттер).

3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн категориялар үчүн бирдиктүү тарифке жогорулатылган коэффициент белгиленсин:

баланстык таандыктыгына карабастан юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик иш-аракетти жүргүзгөн жактар (мындан ары - жеке ишкерлер) жана юридикалык жактар - 2,1;

сууну көп пайдалануучу абоненттер - 3.

4. Бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, сууну көп пайдалануучу абоненттердин тизмеси;

2-тиркемеге ылайык, көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөө тарифтери.

5. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте 2027-2032-жылдарга карата суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча орто мөөнөттүү тарифтик саясатты 2026-жылдын 31-декабрына чейин иштеп чыксын жана киргизсин.

6. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетикалык комплекс маселелерин жетектеген орун басарына жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                               Б. Усеналиев

Тиркеме (docx.1.6)

Тиркеме 2 (docx.1.6)