Опубликовано 13.04.2026
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-мартында № 87
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугун берүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерине, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жана туруктуу каттоосу бар жактардын төмөнкү категорияларына берилет деп белгиленсин:
жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
жалпы ооруларынын жана эмгектик мерттенүүнүн натыйжасында I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдарга;
бала кезинен майыптыгы бар адамдарга;
7 жашка чейинки курактагы балдарга;
18 жашка чейинки майыптыгы бар баланын жеке ассистенттерине;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ААКтын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарууда.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, акысыз же жеңилдетилген жол жүрүү укугунда адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлгөн жана сүрөтү менен персонификациялаштырылган транспорттук карта эсептелет.».
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиевге) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

