Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 13.04.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-мартында № 84

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын: регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №23, экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №16, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №26, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №19, №19/1, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №17  жана Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №8 чечимдерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызматтан бошотулсун:

1) Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Чепеев Калыбек Чепеевич;

2) Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун -энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Бекмуратова Динара Алмазбековна;

3) Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Акунова Лира;

4) Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Жакыпов Таалайбек Маматович;

5) Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Шарапова Жибек Закировна;

6) Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Касиев Майрамбек Качканакович;

7) Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Шукуров Бектур Съездбекович;

8) Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич;

9) Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Аматов Рысбай Аматович;

10) Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович;

11) Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Досалиев Эльмир Акуналыевич;

12) Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Иманказыев Нурумбет Иманказыевич.

2. Бекитилсин:

1) Абышев Аскар Замирович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;

2) Аматов Рысбай Аматович – Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;

3) Сариев Таалайбек Жолдошбаевич – Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;

4) Аскеров Марат Мирбекович – Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;

5) Досалиева Айдай Баялиевна – Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

6) Шарапова Жибек Закировна – Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

7) Досиев Эдик Шарипович – Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

8) Эргешов Казыбек Кочкорович – Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

9) Бекмуратова Динара Алмазбековна – Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

10) Иманказыев Нурумбет Иманказыевич – Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;

11) Токтогулов Максат Сарылбекович – Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп.

3. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилиндеги преамбуладагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 1-пунктунун 3-абзацындагы «Шарапова Жибек Закировна» деген сөздөр «Досалиева Айдай Баялиевна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
  2. 2-пунктунун 3-абзацындагы «Касиев Майрамбек Качканакович» деген сөздөр «Шарапова Жибек Закировна» деген сөздөргө алмаштырылсын;
  3. 3-пунктунун 3-абзацындагы «Исакова» деген сөз «Токтосунова» деген сөзгө алмаштырылсын;
  4. 4-пунктунун:
  • 2-абзацындагы «Чепеев Калыбек Чепеевич» деген сөздөр «Абышев Аскар Замирович» деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • 3-абзацындагы «Шукуров Бектур Съездбекович» деген сөздөр «Досиев Эдик Шарипович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

  •  

төрага – Аматов Рысбай Аматович;

төраганын орун басары – Эргешов Казыбек Кочкорович;

төраганын орун басары – Бекмуратова Динара Алмазбековна.»;

6) 6-пунктунун:

- 2-абзацындагы «Акунова Лира» деген сөздөр «Сариев Таалайбек Жолдошбаевич» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-абзацындагы «Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович» деген сөздөр «Иманказыев Нурумбет Иманказыевич» деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«7. Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы:

төрага – Аскеров Марат Мирбекович;

төраганын орун басары – Токтогулов Максат Сарылбекович.».

5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев