Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 13.04.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-мартында № 91

Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын    7-апрелиндеги № 183 “Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын жайгаштыруу үчүн аймакты берүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                      Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.42kb)