Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 13.04.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-мартында № 92

Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу

 

 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуунун долбоору жактырылсын.

Бишкек шаарынын мэрине макулдашуунун долбооруна принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол тамга коюуга ыйгарым укук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоону камсыздасын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                                    Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.22 kb)