Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 13.04.2026

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-мартында № 83

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин «Эл Үмүтү» фракциясынын 2026-жылдын   12-мартындагы №45ФЭ, 2026-жылдын 31-мартындагы №69ФЭ, «Адилет» фракциясынын 2026-жылдын 27-мартындагы №А28/1, «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №20ф, №22ф, «Ынтымак» фракциясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №079-фы, «Эмгек» фракциясынын 2026-жылдын 31-мартындагы №102-фэ каттарынын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы №21 чечиминин негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

1) регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынан:

Шарапова Жибек Закировна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Асанбеков Жаныбек Асанбекович – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Алмаз уулу Аскар – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү;

2) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынан:

Сариев Таалайбек Жолдошбаевич – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Досиев Эдик Шарипович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Чалов Ильяз Алмазович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

3) социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынан:

Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Аскеров Марат Мирбекович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

4) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан:

Шукуров Бектур Съездбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Суракматов Айдар Азизович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Жапиев Султан Марипжанович – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Эргешов Казыбек Кочкорович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

5) турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:

Халилова Гульназ Мажитовна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынан:

Бектемиров Дүйшөнбек Бектемирович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Досалиева Айдай Баялиевна – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү;

Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович – «Адилет» фракциясынын мүчөсү;

7) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан:

Жакыпов Таалайбек Маматович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Абышев Аскар Замирович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Иманказыев Нурумбет Иманказыевич – «Адилет» фракциясынын мүчөсү;

Досалиев Эльмир Акуналыевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.

2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:

1) регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына:

Досалиева Айдай Баялиевна - «Эл Үмүтү» фракциясынын  мүчөсү;

Халилова Гульназ Мажитовна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Досалиев Эльмир Акуналыевич – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

2) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына:

Суракматов Айдар Азизович  – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Шарапова Жибек Закировна – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

3) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына:

Жакыпов Таалайбек Маматович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Ибраев Адилет Джолдошевич – «Эл Үмүтү» фракциясынын  мүчөсү;

Абышев Аскар Замирович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

Досиев Эдик Шарипович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

4) турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:

Шукуров Бектур Съездбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Жапиев Султан Марипжанович – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү;

Эргешов Казыбек Кочкорович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына:

Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Иманказыев Нурумбет Иманказыевич – «Адилет» фракциясынын мүчөсү;

Сариев Таалайбек Жолдошбаевич – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү;

6) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:

Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович – «Адилет» фракциясынын мүчөсү;

Мамырканов Бекзат Тынчылыкович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Чалов Ильяз Алмазович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;

Аскеров Марат Мирбекович – «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү.

3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) мамлекеттик тилиндеги преамбуладагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтомго тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                     Б. Усеналиев

 

Тиркеме (18 kb)