Опубликовано 13.04.2026
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-мартында № 94
Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү (Түштүк пландоо аймагы)
дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Жер участокторун натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү (Түштүк пландоо аймагы) дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-04-12-0032-0375, аянты 50,4938 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

