Опубликовано 16.01.26
Бишкек шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-декабрында № 79
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы
№ 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү
жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2025-жылга Бишкек шаарынын бюджеттик параметрлерин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы
№ 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы «23 009 946,6», «11 339 832,4», «3 373 824,1»,
«2 746 071,5», «2 837 178,8», «2 713 039,8» деген сандар тиешелүү түрдө
«29 428 972,1», «14 157 443,4», «4 306 704,0», «3 443 798,7», «3 881 653,1», «3 639 372,9» деген сандар менен алмаштырылсын;
2) 1, l1,12,13 - тиркемелери ушул токтомдун 1, l1,12,13 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) 2, 21 - тиркемелери ушул токтомдун 2, 3 - тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) 6-пункттагы:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча:
Ленин администрациялык районуна - 68,3%;
Октябрь администрациялык районуна - 57,0%;
Биринчи май администрациялык районуна - 36,1%;
Свердлов администрациялык районуна - 56,5%;
патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы иш-аракетке салык, кыймылсыз мүлккө салык, жер салыгы, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча:
Ленин администрациялык районуна - 65,3%;
Октябрь администрациялык районуна - 51,8%»;
Биринчи май администрациялык районуна - 29,0%;
Свердлов администрациялык районуна - 48,2%;
- 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«активдер жана милдеттенмелер боюнча 100 % шаардык бюджетке»;
6) 10-пунктта:
- 4-пунктчасындагы «карылар үйүнүн» деген сөздөр «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктчасынын биринчи абзацындагы «Шаардык балдар сүт ашканасынын» деген сөздөр «Социалдык өнүктүрүү департаментинин Наристелер сүтканасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 131 жана 132-пунктчалар менен толукталсын:
«131) 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ушул пункттун
13-пунктчасында көрсөтүлгөн кызматкерлерге, жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүн кызматтык маянасынан 100% өлчөмүндө көбөйтүү, мында төмөнкүлөр кошулбайт:
- администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 70% өлчөмүндө көбөйтүлөт;
- муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын башкы бухгалтерлери, аларга жергиликтүү бюджеттен ай сайын дем берүүчү төлөмдөр кызматтык маянасынан 50% өлчөмүндө көбөйтүлөт;
132) Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратын, Бишкек шаардык кеңешин, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларын, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн тейлеп иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлерине жылдык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча сый акы (сый акыга бир айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө каражаттар багытталат).»;
7) 12-пунктта:
- 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын
1-июлуна чейин:
3 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 50 сом;
3төн 7 жашка чейинки курактагы балдар үчүн - 60 сом;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
«14) 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып калктын социалдык жактан аялуу катмардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробация жүргүзүү алкагында ваучер алган балдардын тамактануусуна жеңилдиктерди төлөөгө 120 (бир жүз жыйырма) сом өлчөмүндө.»;
8) 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
«91 «Учкун» конушунун окуучуларын 2025-жылдын 22-сентябрынан 31-октябрына чейин, «Биримдик Кут» жана «Лесхоз» конуштарынын окуучуларын 2025-жылдын 2-сентябрынан 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын мектептерине ташууну уюштурууга;»;
9) 18-пункт «футболчуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;
10) 19-пункт «машыктыруучуларына» деген сөздөн кийин
«2025-жылдын 17-июлуна чейин» деген сөздөр менен толукталсын;
11) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемеси 2025-жылдын
17-июлуна чейин колдонулат;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 52-тиркемеси 2025-жылдын
8-августуна чейин колдонулат.»;
12) 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«231. 2025-жылдын башталышына карата эркин калдыктардын каражаттарынын эсебинен ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык чыгашаларды жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.»;
13) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун
5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
14) төмөнкүдөй редакциядагы 233-пункт менен толукталсын:
«233. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун
10-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;
15) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакциядагы
10-тиркеме менен толукталсын.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р.Г. Алиевди, Ленин администрациялык районунун башчысынын биринчи орун басары
Б.О. Караевди, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын начальниги М.Т. Таалайбековду жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги Т.Т. Бекбоевди Комиссиянын жыйындарына талаптагыдай даярданбагандыктары үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени карасын;
- бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоону күчөтсүн, түшүүлөрдүн системалуу мониторингин жана пландык көрсөткүчтөргө жетүү үчүн өз убагында чараларды көрүүнү камсыздасын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

