Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 25.12.25

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында № 72

Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-июнундагы №75 «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, жергиликтүү жамаатынын сыйлоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2009-жылдын 30-июнундагы №75 «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

II главасынын 12-пунктундагы «он» деген сөз «он эки» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев