Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 25.12.25

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында № 71

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, жергиликтүү жамаатынын сыйлоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

II главасынын 10-пунктундагы «8» деген сөз «12» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев