Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 25.12.25

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-декабрында № 70

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №18, экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы №15,  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 16-декабрындагы №23/2, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-декабрындагы №12/4,  Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 17-декабрындагы №5 чечимдерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кызматтан бошотулсун:
  1. Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финаны жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары -  Сариев Таалайбек Жолдошбаевич;

2)  Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары – Абышев Аскар Замирович.

2. Бекитилсин:

  1. Жакыпов Таалайбек Маматович – Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп;
  2. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  3. Касиев Майрамбек Качканакович – Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын орун басары болуп;
  4. Насиралиев Эржан Алтымышович – Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  5. Улугбеков Алмазбек Улугбекович – Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп;
  6. Досалиев Эльмир Акуналыевич – Бишкек шаардык кеңешинин Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп.

3. 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1. 1-пункт төмөнкү мазмундагы 4-абзацы менен толукталсын:
  2. өраганын орун басары – Бактыбеков Алымбек Бактыбекович.»;

2) 2 пункттун 3 абзацындагы «Сариев Таалайбек Жолдошбаевич» деген сөздөр «Касиев Майрамбек Качканакович» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 3-пункт төмөнкү мазмундагы 4-абзацы менен толукталсын:

«төраганын орун басары – Насиралиев Эржан Алтымышович.»;

4) 6-пункт төмөнкү мазмундагы 4-абзацы менен толукталсын:

«төраганын орун басары – Улугбеков Алмазбек Улугбекович.»;

5) 7-пункт төмөнкү редакциясында баяндалсын:

«7. Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы:

төрага – Жакыпов Таалайбек Маматович;

төраганын орун басары – Досалиев Эльмир Акуналыевич;

төраганын орун басары – Иманказыев Нурумбет Иманказыевич.».

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                   Б. Усеналиев