Опубликовано 25.12.25
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-декабрында № 69
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №349-ф, «Эмгек» фракциясынын 2025-жылдын 22-декабрындагы №424-фэ каттарынын жана Бишкек аймактык шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы №15, 2025-жылдын 19-декабрындагы №16, №17 чечимдеринин негизинде Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
1) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынан:
Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.
2) муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынан:
Асилбеков Азирет Ысманалиевич – «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү.
3) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынан:
Абиров Жаныбек Болотбекович - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.
2. Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөнкүлөр киргизилсин:
1) экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына:
Мамырканов Бекзат Тынчылыкович - «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү;
2) турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс,
транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына:
Дунканаев Айбек Медетбекович – «Жаңы күч – Новая сила» фракциясынын мүчөсү.
3) Бишкек шаарынын жаңы кошулган аймактарын жакшыртуу
маселелери боюнча туруктуу комиссиясына:
Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 «Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» токтомунун тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 2-пункттун 5-сабындагы «Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич» деген сөздөр «Мамырканов Бекзат Тынчылыкович» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 4-пункттун 8-сабы алынып салынсын.
3) 5-пункттун:
5-сабындагы «Абиров Жаныбек Болотбекович» деген сөздөр «Дунканаев Айбек Медетбекович» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-сабы алынып салынсын жана кийинки саптардын номерлөөсү ылайыкка келтирилсин.
4) 7-пункт төмөнкү мазмундагы 7-сап менен толукталсын:
«6. Майрамбек уулу Сыргак – «Эмгек» фракциясынын мүчөсү»
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усенанлиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

