Опубликовано 25.12.25
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-декабрында № 73
Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/5, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 1015-т тескемесин ишке ашыруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, № 37/5, 37/6, 37/7 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-04-13-0033-0135, аянты 0,72 га жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

