Опубликовано 25.12.25
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-декабрында № 75
Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28 дарегинде жайгашкан
турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28 дарегинде жайгашкан аянты 0,1154 га жер участогу менен идентификациялык коду: 1-01-13-0013-0624-02 турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

