Опубликовано 23.10.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрында № 59
Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык
жардам төлөө жөнүндө
Жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына белгилүү даталарга карата бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Белгилүү даталарга жарандардын жакыр жана жеңилдетилген категорияларына жыл сайын бир жолку материалдык жардамдын өлчөмү
2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

