Опубликовано 23.10.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрында № 56
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40
«Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого ылайык,
Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 40 «Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерин атайын кийим, бут кийим жана инвентарь менен камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-тиркеме жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ушул токтомдогу тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
2025-жылдын 7- октябрындагы
№ 56 токтомуна тиркеме
Бишкек шаардык кеңешинин
2017-жылдын 29-ноябрындагы
№ 40 токтомуна
2-тиркеме
Кызматтык милдеттерди аткарууда социалдык кызматкерлерге бекер берилүүчү атайын кийим, бут кийим жана инвентарь берүүнүн
ТИЗМЕГИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
|
Кызмат орду |
Атайын кийимдин, бут кийимдин жана инвентардын аталышы |
Чен бирдиги |
Адамга болгон ченем |
Пайдалануу мөөнөтү, жылдарда |
|
Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын социалдык кызматкери |
Жаз, күз мезгилинде кийилүүчү куртка (плащ) |
даана |
1 |
3 |
|
Жылуу куртка |
даана |
1 |
3 |
|
|
Жилет |
даана |
1 |
2 |
|
|
Кышкы, жылууланган бут кийим |
жуп |
1 |
2 |
|
|
Жаз, күз мезгилинде кийилүүчү бут кийим |
жуп |
1 |
2 |
|
|
Кол кап (мээлей) |
жуп |
1 |
2 |
|
|
Үйдө тейлөө боюнча социалдык кызматкерлер үчүн кошумча (карылар жана майыптар) |
||||
|
Чарбалык баштык |
даана |
1 |
1 |
|
|
Сүлгү |
даана |
2 |
1 |
|
|
Ысык тамак жеткирүү үчүн идиш-аяк |
даана |
бир клиентке |
1 |
|
|
Сфигмоманометр |
даана |
1 |
2 |
|
|
Дары-дармек кутучасы |
даана |
1 |
1 |
|
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Аденов


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

