Опубликовано 23.10.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрында № 51
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пунктчалар менен толукталсын:
«17) Мамлекеттик сыр (купуя) – Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгү, коопсуздугу, экономикалык, илимий-техникалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай сакталмалардын түрлөрүндө сакталган жана таратылуучу, мамлекеттин көзөмөлүндө турган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан атайын тизмектер жана эрежелер менен чектелген маалымат;
18) Шайлоочулардын тапшырмасы – бул депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу учурунда тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын чогулушу тарабынан депутаттар менен депутаттык фракцияларга берилген коомдук мааниге ээ болгон тапшырма.»;
2) расмий тилиндеги 12.1 пункттун 1-абзацындагы «приноситься» деген сөз «приносится» деген сөз менен алмаштырылсын;
3) расмий тилиндеги 12.1 пункттун 4-абзацы алып салынсын;
4) 16-пункттун 2-абзацы «фракциялар» деген сөздөрдөн кийин «же 5 депутаттан турган топ» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 16-пункттун 3-абзацы «фракциялары» деген сөздөн кийин «же 5 депутаттан турган топ» деген сөздөр менен толукталсын;
6) 1-параграфтын 4-главасынын 16-пунктунан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункту менен толукталсын:
«16-1. Шаардык кеңештин төрагасын чакыртып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте өткөрүлөт.»;
7) 26-пункттагы «фракцияларынын» деген сөз «төрагасынын» деген сөз менен алмаштырылсын;
8) 28-пункттагы «бир орун басар» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
9) 28-пункттагы «ээлейт» деген сөз «ээлешет» деген сөз менен алмаштырылсын;
10) 28-1-пункт алып салынсын;
11) расмий тилиндеги 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Заместители председателя городского кенеша:
- в отсутствие председателя городского кенеша выполняют его функции;
- осуществляют взаимодействие с фракциями, постоянными комиссиями;
- осуществляют взаимодействие городского кенеша с международными организациями, государственными и муниципальными органами;
- по поручению председателя городского кенеша ведут сессию городского кенеша;
- выполняют иные поручения председателя городского кенеша.»;
12) 31 жана 32-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басар» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
13) 34-пункт алып салынсын;
14) 35 жана 40-пункттарда ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басар» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
15) 38-пункттун 2-абзацынан «, регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан башка» деген сөздөр алып салынсын;
16) 38-пункттун 3-абзацы «депутаттардын саны» деген сөздөрдөн кийин «регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясын кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.
17) 41-пункт алып салынсын;
18) 41-1 пункттун 1-абзацы «анын курамына» деген сөздөрдөн кийин «фракциянын чечими боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
19) 52-пункттагы «кеңеш берүүчү добуш укугу менен» деген сөздөр алып салынсын;
20) 56-пункттун 9-пунктчасындагы «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
21) 57-1-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү «орун басары» деген сөз «орун басарларынын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 57-1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 68-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
«10) сессиянын ишинин датасын жана убактысын бекитет.»;
24) 69-пункттун 2-абзацындагы «орун басары» деген сөз «орун басарлардын бири» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 69-пункттун 3-абзацындагы «орун басарларынын катышуусу укук ченемдүү» деген сөздөр «орун басарларынын биринин катышуусуна жол берилет. Орун басардын президиумдун жыйынына катышуусу тууралуу маселе фракция лидеринин, же туруктуу комиссиянын төрагасынын президиумдун жыйынына чейин эки күндөн кем эмес мурда берилген жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чечилет.» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-абзац менен толукталсын:
«Шаардык кеңешинин төрагасы, ал жок учурда президиумду алып барууга укуктуу орун басарын дайындайт.»;
27) 106-пунктту 16-пунктчасынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пунктча менен толукталсын:
«16-1) шаардын аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыгынын ставкаларын белгилөө;»;
28) 114-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«114. Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссияларынын төрт жана андан ашык жыйындарына жүйөлүү себепсиз келбеген, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессияга бир жылдын ичинде төрттөн ашык жүйөлүү себепсиз катышпаган депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.»;
29) 116-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«116. Шаардык кеңештин сессиясынын ар бир бир жарым сааттык ишинен кийин 20 мүнөткө тыныгуу жарыяланат. Түшкү тамактанууга тыныгуу – 1 саат.»;
30) 121-пункттун 1-абзацындагы «жок болгондо» деген сөздөрдөн кийин «, шаардык кеңештин төрагасынын чечими менен аныкталуучу» деген сөздөр менен толукталсын;
31) 121-пункттун 3-абзацындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү «орун басары» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
32) 124-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
«Киргизилген түзөтүүлөр шаардык кеңештин сессиясынын жыйынынан кийин эки жумуш күндүн ичинде шаардык кеңештин аппаратына жазуу түрүндө берилет.»;
33) расмий тилдеги 124-пункттун 9-пунктчасындагы «аппарат» деген сөз «аппарата» деген сөз менен алмаштырылсын;
34) 133-пункттагы «орун басары» деген сөз «орун басарлары» деген сөз менен алмаштырылсын;
35) 140-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) кворум – шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышуусу.»;
36) 164-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-абзац менен толукталсын:
«Сессияларда сүрөткө жана видеого тартууну Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлери жана ар бир фракциядан бирден тарта турган адис жүргүзөт.»;
37) 166-пункт алып салынсын;
38) 213-пункттагы «бир айдан кем аз болбойт» деген сөздөр «он беш календардык күндөн кем эмес убакытты түзөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
39) 287-пункт «бул» деген сөздөн кийин «алдын ала, же шаардык кеңештин сессиясында жарыяланган» деген сөздөр менен толукталсын;
40) 301-пункттагы «Фракция катчыларынан тышкары,» деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

