Опубликовано 22.10.2025г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрында № 60
Автотранспорт каражаттарын жана кычкылтек
концентраторлорун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Азыркы учурдагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автотранспорт каражаттарын жана кычкылтек концентраторлорун мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага Б. Усеналиев


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

