Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 61

 

 

 

Бишкек шаарындагы, Фере көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан жер участогу менен өндүрүштүк базаны мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Учурдагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарындагы, Фере көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан аянты  0,4466 га, идентификациялык коду: 1-03-02-0009-0550 жер участогу менен өндүрүштүк базаны мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев