Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 22.10.2025 г. 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 58

 

 

Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин  3-бөлүгүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши

       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелер боюнча 32 773 370,7 миң сом, чыгашалар боюнча 32 773 370,7 миң сом суммасында долбооруна макулдук берилсин.

2. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 жана 2-тиркемелерге ылайык аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана иивестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Бишкек шаардык кеӊешинин

төрагасы                                                                             Б. Усеналиев

 

Тиркеме (xlsx.25kb)

Тиркеме 2 (xlsx.19kb)