Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 55

 

 

 

Электр жабдуу объекттерин мамлекеттик

менчикке акысыз ээликтен ажыратууга

макулдук берүү жөнүндө

 

 

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу берүүнү камсыздоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен курулуп бүткөн электр жабдуу объекттерин, тиркемеге ылайык мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx.16kb)