Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубличковано 22.10.2025.г

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 7-октябрында № 52

 

2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга

болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт тууралуу

 

                  

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

      ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2023-жылга  карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашыруу жөнүндө отчёт эске алынсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыяласын.
  3. Шаардагы жол тыгындары боюнча пайда болгон курч кырдаалды чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы:

– эки айлык мөөнөттө борбордун жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыксын;

– программанын алкагында вело-жолдорду, тротуарларды, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди пайдаланууну эске алуу менен Бишкек шаарынын жол-транспортун өнүктүрүү концепциясын аныктасын;

– иштелип чыккан программаны Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана  инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                          Б. Усеналиев