Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 22.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 7-октябрындагы № 54

Бишкек шаардык кеңешинин

2011-жылдын 17-майындагы № 232

“Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы

№ 151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын

иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кварталдык жана үй комитеттеринин иш-аракетин оптималдаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларын шайлоо процессин жакшыртуу максатында, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы
№ 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы
№ 151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышынын жүрүшү жана муниципалдык аймактык башкаруулардын иш-аракетин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын топтомун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жободо:

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Көчөлөрдүн жана подъезддердин жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:

кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 25 %ынан кем эмес;

үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 25 %ынан кем эмес.

Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50 %ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.

Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Катары менен экинчи мөөнөткө шайлоого жол берилбейт. Жаңы шайлоо мүмкүнчүлүгү 3 жылдан кийин берилет.”.

21-пункттун “б” пунктчасында “35” деген цифралар “25” деген цифраларга алмаштырылсын.

22-пунктта:

“б” пунктчасында “35” деген цифралар “25” деген цифраларга алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы “г” пунктчасы менен толукталсын:

“г) Бишкек шаардык кеңешинин жана Аймактык башкармалыктын ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык киргизилген эскертүүлөрүн 2 жолудан ашык аткарбаган учурда.”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн (Джунушалиев А. Дж.).

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы                                                                        Б. Усеналиев