Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 15.10.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ 

2025-жылдын 14-октябрындагы   № 64

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңешинин Регламентинин, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Эльмир Акуналыевич Досалиевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө берилген арызынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Досалиев Эльмир Акуналыевичтин ыйгарым укуктары  мөөнөтүнөн мурда  токтотулсун.
  2. 2024-жылдын 2-декабрындагы № 3 “Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилип,  2-пунктунан төмөнкү сөздөр алынып салынсын:

“Досалиев Эльмир Акуналыевич Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.”.

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

 

Төрага                                                                                         Б. Усеналиев