Опубликовано 15.10.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябрындагы № 50
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, (чыгыш 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 01-04/1823) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 21 талапкердин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
- Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
жергиликтүү өз алдынча башкаруу
жана коомдук уюмдар менен иштөө
боюнча туруктуу комиссиясынын
төрайымы Л. Акунова