Опубликовано 08.07.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июнундагы № 46
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык
башкармалыктарынын чектерин бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин схемалык карталары ушул токтомдун 1-32 тиркемелерине ылайык;
Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктардын чектеринин баяндамасы ушул токтомдун 33-тиркемесине ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленүүчү аймактардын чектерин бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 20-декабрындагы №286 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Б. Усеналиев
Тиркеме (docx 50kb) Тиркеме 15(pdf.228kb)
Тиркеме 2 (pdf. 2mb) Тиркеме 16(pdf.247kb)
Тиркеме 3 (pdf. 320 kb) Тиркеме 17(pdf.237kb)
Тиркеме 4 (pdf. 440kb) Тиркеме 18(pdf.177kb)
Тиркеме5 (pdf.412kb) Тиркеме 19(pdf. 178kb)
Тиркеме 6(pdf.256kb) Тиркеме 20(pdf. 202kb)
Тиркеме 7(pdf.221kb) Тиркеме 21(pdf. 341kb)
Тиркеме 8(pdf.214kb) Тиркеме 22(pdf. 311kb)
Тиркеме 9(pdf.229kb) Тиркеме 23(pdf.330kb)
Тиркеме 10(pdf.228kb) Тиркеме 24(pdf.312kb)
Тиркеме 11(pdf.183kb) Тиркеме 25(pdf. 251kb)
Тиркеме 12(pdf.139kb) Тиркеме 26(pdf. 214kb)