Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 08.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июнундагы № 47

 

 

Бишкек шаарынын административдик райондорунун

чек араларын бекитүү жөнүндө

 

 

Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын схемалык карталары ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык;

Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын баяндамасы ушул токтомдун 5-8-тиркемелерине ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                                                                                                  Б. Усеналиев

Тиркеме (pdf. 847kb)

Тиркеме 2 (pdf. 514kb)

Тиркеме 3 (pdf. 838kb)

Тиркеме 4 (pdf. 207kb)

Тиркеме 5 (docx. 30kb)