Опубликовано 08.07.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июнундагы № 43
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын талапка ылайык келтирүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-тиркеменин 2-бөлүмүнүн 6-, 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев