Опубликовано 03.07.2025 г.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июнуна № 42
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 14 «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 231, 232-пункттар менен толукталсын:
«231. 2024-жылдагы чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен чыгашаларды ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык багыттоого уруксат берилсин.
232. Бюджеттик мекемелердин жылдын башталышына карата атайын каражаттарынын калдыгынын чыгашаларынын багыты ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык бекитилсин.»;
2) ушул токтомдун 1-, 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8-, 9-тиркемелер менен толукталсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
- Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев