Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 41

 

 

Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө

 

Жергиликтүү салыктарды башкарууга салыктык контролду күчөтүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесине, 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын                1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 14kb)