Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Опубликовано 03.07.2025 г.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-июнуна № 37

 

 

Бишкек шаарынын мэриясына 124 жүргүнчү ташуучу автобусту күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын    28-июлундагы № 399-т тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн   2022-жылдын 28-ноябрындагы № 19-04-01/130 Субкредиттик макулдашууну аткаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясына тиркемеге ылайык “Golden Dragon” маркасындагы 124 жүргүнчү ташуучу автобусту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                        Б. Усеналиев

 

Тиркеме (docx. 37kb)