05.03.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февраль №12
2025-жылга карата Бишкек шаарынын
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын
жана 2026-2027-жылдарга
болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
конуштар статусунан толук баш тартуу жана 2025-жылга карата аларды шаардын кичирайондорунун катарына киргизүү жөнүндө маселени карасын;
шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу убагында ар бири 30дан ашык белгилүү музейлерди кыдыруусуна мүмкүндүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
Чүй областынын Ысык-Ата районунда турган жаңы суу насостук горизонтторду өздөштүрүү жөнүндө маселени талдап жана иштеп чыксын;
жеке жактар тарабынан лизингге коомдук транспорт сатып алуу боюнча программаны иштеп чыксын;
окуучуларды мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карап чыксын;
коомдук транспорттун айланма тутумунун иштөөсүн уюштуруу маселесин карап чыксын;
“Кумайык” программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2025-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
2025-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.
- Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин
төрагасы Б. Усеналиев