21.02.2025 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февраль №11
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органынан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» жобосун жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмеси Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Б. Усеналиев