Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 9

“Каражыгач токою” сейилбагынын чектери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому тарабынан белгиленген процедураларды ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясына бир айлык мөөнөттө “Каражыгач токою” сейилбагынын чектерин аныктоо, бекитүү жана белгиленген тартипте жер участокторунун мунапысынын процедураларын баштоо тапшырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                                                Б. Усеналиев