Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

30.12.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ

2024-жылдын 23-декабрь № 5

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы  № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык регламенттин нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1)      1-пункттун 11-подпункту төмөнкү абзац менен толукталсын:

«Фракциялардын коалициясы» (мындан ары – коалиция) коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген жана Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында фракциянын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө жарыялаган фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.»

2) 38 - пунктта:

-     2- абзацта «тийиш» деген сөздөн кийин «регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиядан башка» деген сөздөр менен толукталсын;  

-   4-абзац төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен алмаштырылсын:

« Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына ар бир фракциядан бирден  депутат кириш керек. » 

3)  42-пунктта:

- тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү  «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «төрагасын жана» деген сөздөрдөн кийин «экиден ашык эмес» деген сөздөр менен толукталсын.

4)  43, 44 пункттарда тиешелүү жөндөмдөгү «орун басары» деген сөздөр тиешелүү жөндөмдөгү «орун басарлары»  деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.  Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

          

Бишкек шаардык кеңешинин
Төрагасы                                                                                                Б.Усеналиев