06.12.2024 -ж. жарыяланды
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 2-декабры № 1
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, регламенттин нормаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 «Бишкек шаардык кеңешинин регламенти жөнүндө» токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 2-пункттун 2-абзацындагы «45» деген цифралык маани «51»ге жана «4 жыл» деген цифра жана сөз «5 жыл» деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
б) 14-пункттагы «орун басарын» деген сөздөр «орун басарларын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 15-пункттун 2-абзацындагы «жаңы шайланган шаардык кеңештин төрагасы» деген сөздөрдөн кийин «же сессияда төрагалык кылуучу» деген сөздөр менен толукталсын;
г) 25-пункттун 6) кичипунктундагы «орун басары» деген сөздөр «орун басарларын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин фракцияларынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.»;
е) 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«27. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын добуштарынын тийиштүү санын ала алышпаса, шаардык кеңештин фракциялары жаңы талкуу жана добуш берүү өткөрүлө турган, талапкерлер тууралуу жаңы жазуу жүзүндөгү сунушту киргизишет.»;
ж) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«28. Шаардык кеңештин төрагасынын бир орун басары туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.»;
з) 28-1-пункт менен толукталсын: «28-1. Шаардык кеңештин төрагасынын бир орун басары коомдук башталышта кызмат орунун ээлейт.»;
и) 38-пункттун 5-абзацы жана 42-пункттун 3-абзацы алынып салынсын;
к) 97-пункттагы «кварталына бир жолудан кем эмес» деген сөздөрдөн кийин «же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
л) 127-пункттун 1-абзацындагы «Кечиктирилгис» деген сөздөн кийин «жана уюштуруу» деген сөздөр менен толукталсын;
м) 140-пункттун 1) кичипунктундагы «45» деген цифралык маани «51»ге алмаштырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Сессияда төрагалык кылуучу,
Бишкек шаардык кеңешинин
“Эмгек” фракциясынан депутат Л. Акунова