Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

04.09.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-августундагы № 142

Жылуулук жабдуу чөйрөсүнүн мүлктүк комплекстерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 ПЖ “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Төмөнкү объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалынын мүлктүк комплекси - Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр проспекти, 108);

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалынын мүлктүк комплекси - “Бишкекжылуулуктармагы” (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 2/1);

Бишкек шаары, Багижский туюк көчөсү, 78 дарегинде жайгашкан “Чүй адистештирилген көчмө механизациялаштырылган колонна” филиалынын мүлктүк комплекси - “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы;

 жер участогу менен Сокулук району, Манас айылы, Школьная көчөсү дарегинде жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын  (идентификациялык коду - 7-08-03-1001-1259); “Жылуулуксуужабдуунун Беловодское район аралык ишканасы” филиалынын отканасы.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                               К. Конгантиев