Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

04.09.2024 -ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 29-августундагы № 143

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 “Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

токтомдун аталышынын расмий тилинде “земельных участков под” деген сөздөрдөн кийин “проектирование и” деген сөздөр менен толукталсын;

2-2- пунктунун 2 абзацындагы “гана” деген сөз алынып салынсын;

2-2- пункт төмөнкү мазмундагы 6 - абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана шаар куруу документтерине каршы келбөөчү башка объекттерди”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                                                                                          К. Конгантиев