Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

05.06.2024-ж. жарыяланды

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 4-июнундагы № 139

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө    

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамын ташуу үчүн жүргүнчү автобустар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 30/12-10961 он бирдик жүргүнчүлөр автобусун бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине 31068092 (отуз бир миллион алтымыш сегиз миң токсон эки) сом жалпы суммага ZK6108HGH моделиндеги «YUTONG» маркасындагы он жүргүнчүлөр автобусун акысыз ажыратууга (мамлекеттик менчикке) макулдук берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык 
кеңешинин төрагасынын
милдетин убактылуу аткаруучу  
                                        Ж. А. Абдраимов