Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

27.05.2024-ж. жарыяланды

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жыл 14-майындагы № 135

Мамлекеттик менчикке муниципалдык турак жайларды акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы  № 10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик ипотекалык кредиттөө аркылуу турак жай менен камсыз кылуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппараттарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик ипотекалык кредиттөө аркылуу турак жай менен камсыздоо үчүн, Бишкек шаарынын аймагында жер пайдалануучулар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы боюнча иш-чаралардын алкагында муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон турак жайларды мамлекеттик менчикке акысыз ээликтен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин

төрагасы                                                                                                               К. Конгантиев